Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду «Агро Куш» ишканасынын өндүрүшүнө көмөктөшөт

5 декабря 2023, 12:40

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду “Агро Куш” ЖЧКсынын өндүрүшүн кеңейтүүгө каражат бөлөт.

Тактап айтканда, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен “Агро Куш” ЖЧКсынын ортосунда бройлердик канаттуулар фабрикасын кеңейтүү боюнча кредиттик келишимге кол коюлган.

Анын алкагында фонд канаттуулар фабрикасына дагы 1,3 миллион доллар бөлөт, бул 200 жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өндүрүштүк кубаттуулукту жылына 7 миң тоннадан 20 миң тоннага чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Ошентип, Кыргызстандын канаттуулардын этине болгон муктаждыгы 40% камсыз кылынат.