Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор Баткенде жолугушту

30 октября 2023, 09:30

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун кезектеги жолгушуусу Баткенде өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Тараптар чек аранын тактала элек тилкелерин андан ары баяндап жазуу маселелерин талкуулашты. Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жумушчу топтору калган тилкелер боюнча сүйлөшүүнү Тажикстандын аймагында өтүүчү жолугушууда улантат.

Эске салсак, эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Жалпысынан 664 чакырым боюнча орток пикир бар экени буга чейин кабарланган.