Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 24 чакырым тилкеси такталды

5 декабря 2023, 11:50

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Бустон шаарында болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Анда чек аранын 24,01 чакырым тилкеси боюнча макулдашып, протоколго кол коюлду.

Эскерте кетсек, октябрь айында Министрлер кабинети Кыргызстан менен Тажикстан 57 чакырым, ноябрь айында 17,98 чакырым тилкени тактаганын кабарлаган.