Кыргыз-тажик чек арасынын 3,71 чакырымы макулдашылды
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу болду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуу 30-январдан 5-февралга чейин Баткен шаарында өттү. Анда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 3,71 чакырымы боюнча макулдашышты.
Тараптар калган аймактарды сыпаттоо иштерин Таджикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантышат. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.