Кыргыз-өзбек автозаводунун курулушу аяктап калды

24 января 2024, 09:50

Чүй облусундагы автоунаа чыгара турган кыргыз-өзбек заводунун курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, ишкана биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы менен алгачкы техниканы чыгарат.

Эске салсак, Кыргызстан менен Өзбекстан 2023-жылдын май айында автоунаа чогултуу жана өндүрүү боюнча биргелешкен завод куруп баштаган.