«Кыргызалтын» ишканасы 2023-жылдагы бюджетине тактоо киргизет
Кечээ, 18-октябрда “Кыргызалтын” ААКнын акционерлери кезексиз жалпы чогулуш өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Жыйында кабыл алынган маанилүү чечимдердин бири компаниянын 2023-жылга такталган бюджетинин долбоорун бекитүү болду.
Мындан тышкары, компаниянын натыйжалуулугун жана каржылык туруктуулугун баалоо үчүн натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн колдонуу боюнча нускамаларга өзгөртүүлөр киргизилет.