«Кыргызалтында» кадрдык өзгөрүүлөр болду

23 декабря 2020, 11:10

ААК «Кыргызалтындын» төрагасынын биринчи орун басары болуп Азамат Алиев дайындалды. Ал компаниянын коопсуздугун көзөмөлдөйт. Бул тууралуу «Акчабарга» ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызалтындан» белгилешкендей, бул чечим директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынган. Буга чейин бул кызматта Нурдин Канымбетов иштеген.

Алиев буга чейин «Кыргызалтындын» алдындагы «Алтынкен» компаниясынын башкы директору болуп иштеген.