«Кыргызалтын» «Макмал» алтын кенин иштетүүгө лицензия алды
“Кыргызалтын” ААКга “Макмал” алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугу берилди. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Кен Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жайгашкан.
Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө президенттин жана өкмөттүн чечимдеринин аткарылышын контролдоо бөлүмүнө жүктөлдү.