«Кыргызавтожол» ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

12 февраля 2024, 14:30

Бакыт Чомоев Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка 8-февралда Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койгон.

Буга чейин Чомоев ушул эле ишкананын башкы директорунун орун басары болуп иштеген.