«Кыргызэлектроника» ишканасы 32 миң даана ККМ чыгарат

21 марта 2024, 09:55

“Кыргызиндустрия” ААКтын филиалы “Кыргызэлектроника” ЖЧКсы Мамлекеттик салык кызматы үчүн 32 миң кассалык машина чыгарат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин 13-марттагы буйругунда айтылат.

Документке ылайык, Министрлер кабинети Мамлекеттик салык кызматына “Кыргызиндустрия” ААК менен анын туунду ишканасы болгон “Кыргызэлектроника” ЖЧКсына орнотулган дүмүрчөк принтери бар жана 32 миң электрондук ККМди жеткирүү боюнча келишим түзүүнү тапшырды.