«Кыргызфильм» дээрлик 40 млн сомго техника сатып алат

9 октября 2023, 16:21

Төлөмүш Океев атындагы улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы кесипкөй санариптик кинокамера сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар портадына жарыяланды.

Тендердин жалпы суммасы 39 млн 295,7 сомду түзөт.

Подрядчы компанияга жабдууларды жеткирүүгө сегиз жума убакыт берилет.