«Кыргызкөмүр» 29 млн сомго тендер жарыялады

25 марта 2021, 12:45

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы тоо-кен самосвалын алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгашты.

Тоо-кен самосвалдын жалпы баасы 29 млн 73 миң сомду түзөт.

Тендердин шартына ылайык, самосвалды үч айдын ичинде Бишкектеги бажы складына алып келүү керек. Андан соң «Кара-Кеченин» складына жөнөтүлөт.