Кыргызстан 3 млрд кВт саат электр энергиясын импорттоону пландоодо

29 января 2024, 09:10

Быйыл Кыргызстан 3 млрд кВт саат электр энергиясын импорттоону пландоодо. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымына караганда, учурда Түркмөнстан, Казакстан жана Россия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.