Кыргызстан 33,5 миң тонна минералдык жер семирткич импорттоду
Быйыл 13-мартка карата Кыргызстанга жалпы 33,5 миӊ тонна минералдык жер семирткичтер импорттолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- азоттук минералдык жер семирткичтер – 23,0 миӊ тонна;
- фосфордук минералдык жер семирткичтер – 9,4 миӊ тонна;
- калийдик минералдык жер семирткичтер – 1,0 миӊ тоннаны түзөт.
2024-жылы минералдык жер семирткичтерге болгон баалар:
- 1 кг аммиак селитрасы 22-30 сом;
- карбамид 32-38 сомдон сатылууда.