Кыргызстан 55 млн долларга суу импорттоду

17 октября 2023, 10:20

Кыргызстандык жеткирүүчүлөр 2023-жылдын сегиз айында газдалган минералдык жана таттуу сууну кошкондо 55,4 млн долларга сууну импорттошкон. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.

Белгилеп кетсек, импорттун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу нарктык мааниде 27,8%га өскөн.

Күчтүү алкоголдук ичимдиктерди импорттоо да нарктык мааниде 1,7 эсеге өсүп, 1,2 млнго жеткен.