Кыргызстан алтынды экспорттоодон 1 млрд доллар киреше тапты

18 января 2024, 15:52

2023-жылы 11 айда Кыргызстан 15,5 тонна алтын экспорттоп, 972,8 млн доллар киреше алды. Бул 2022-жылдын 11 айына салыштырмалуу 971,7 млн долларга көп. Ал эми чет өлкөгө алтынды сатуудан түшкөн киреше болгону 1 млн 850 миң долларды түзгөн. Бул тууралууу Улуттук статистика комитети билдирди.

Алтындын эң көбү Швейцарияга (12,8 тонна) жөнөтүлгөн, андан 807 млн ​​долларга пайда түшкөн. Белгилеп кетсек, 2022-жылы Швейцарияга алтын экспорттолгон эмес.

Швейцариядан кийин алтындын эң көп үлүшү Гонконгго (1,4 тонна) экспорттолгон. Андан өлкөгө 85,2 млн доллар түшкөн, андан кийинки орунда Бириккен Араб Эмираттары турат. БАЭге жалпы суммасы 80,3 млн долларга 1,3 тонна алтын жеткирилген.

Түркияга да 341,7 миң долларга баалуу металлдар жеткирилген. Бирок, ал болгону 5,6 килограммды түзгөн.