Кыргызстан Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетикалык шакекчеден чыкты

25 января 2022, 16:00

Авариядан улам Кыргызстан Борбор Азиянын бирдиктүү энергетика системасынан чыкты. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, муну менен өлкөдө электр энергиясы акырындык менен калыбына келе баштады. Тагыраагы, учурда Кыргызстандын аймагынын 50 пайызына электр энергиясы берилди. Калган бөлүгүн туташтыруу иштери уланууда.

Эске салсак, бүгүн саат 12.00 чамасында кыргызстандыктар электр жарыгы жана суу жапырт өчкөнүн билдиришти. Свет коңшу Казакстан менен Өзбекстанда да өчкөнү маалым болду.