Кыргызстан быйыл инвестициялык виза алуу үчүн 11 арызды жактырды

29 декабря 2023, 12:40

Кыргызстан быйыл инвестициялык виза алуу үчүн 11 арызды жактырды. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчи орун басары Жибек Абдуллаева билдирди.

Анын айтымында, инвестициялык виза алуу үчүн жалпысынан 16 компания арыз берген. Үч компанияга баш тартылса, экөөнө түшүндүрмө берилген.

Эске салсак, инвестициялык виза ишкер экономикага 10 миллион сомдон кем эмес салым кошкон шартта беш жылга берилет. 20 миллиондон кем эмес сумма болсо виза 10 жылга жарактуу болот.