Кыргызстан эң көп Өзбекстанга бодо мал экспорттоду

4 декабря 2023, 09:20

2023-жылдын сегиз айында Кыргызстандан 48,6 миң баш бодо мал экспорттолуп, 9,8 миң баш импорттолгон. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Кыргызстан бодо малды эң көп Өзбекстанга (48 миң 663 баш) экспорттогон.

Мында кой-эчкилердин экспорту 177,6 миң башты түзсө, Орусияга 61 баш, Өзбекстанга 177,6 миң баш экспорттолгон. Ал эми импорт 1 миң 60 башты түздү.

Ошондой эле, Кыргызстан 2,5 миңден ашык жылкы сатып, 2,9 миң жылкы сатып алган. Мындан тышкары Казакстанга 15,2 миң канаттуу, Орусиядан 782,8 миң даана канаттуу алынып келинген.