2019-жылы Кыргызстанда 13,7 миң тонна эт жана ич эт азыктары өндүрүлгөн

3 февраля 2020, 16:00

2019-жылы өндүрүлгөн эт жана ич эт продукцияларынын көлөмү 13 миң 705,9 тоннаны түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин маалыматында айтылат.

Мекеме кабарлагандай, декабрь айында Кыргызстанда 1 миң 282,6 тонна эт жана ич эт азыктары өндүрүлгөн, ал эми 2018-жылдын ушул эле убагындагы көрсөткүчтөр 1 миң 71 тоннаны түзгөн. 2018-жылы Кыргызстан боюнча 13 миң 130,5 тонна эт жана эт азыктары өндүрүлгөн.