Кыргызстанда 5,5 млрд кубметр газдын запасы бар

13 ноября 2019, 12:34

Кыргызстанда 5,5 млрд кубметр газдын запасы бар. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда «КР күйүүчү газды жандандыруу» ачылышында ОсОО «Газпром Кыргызстан» бизнес өнүктүрүү тобунун өкүлү Рустам Алеев билдирди.

«Учурда 300 млн куб метр газ колдонулуп жатат. Кыргызстан өзүн газ менен бир топ жыл бою камсыздай алат», - деп айтты ал.

Учурда Кыргызстандын күйүүчү газды өркүндөтүү боюнча 6 багыттан турган программа түзүлгөн:

- экологияны коргоо жана экономикалык пайданы негиздөө;

- жаратылыш газ тармагы боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу;

- Жаратылыш газ инфраструктурасын өркундөтүү;

- Техникалык адистерди даярдоо боюнча окуу программаларын ишке киргизүү;

- Жаратылыш газын унаадан өткөрүү боюнча план иштеп чыгуу;

- Маалыматтык колдоо.