Кыргызстан Гонконгго 800 миң долларга күмүш сатты

26 октября 2023, 10:39

Кыргызстан Гонконгго күмүш сатууну улантууда. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, быйыл сегиз айда республикадан 724,3 килограмм баалуу металл экспорттолгон.

Тактап айтканда, Кыргызстан күмүштүн басымдуу бөлүгүн, 411,4 килограммын Гонконгго август айында саткан. Ошол эле учурда жалпы тапшыруулар былтыркы көрсөткүчтөн 17,3 килограммга ашкан.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын ушул эле мезгилинде Кыргызстандын күмүшүнүн негизги сатып алуучулары Орусия 354 килограмм, Түркия 353 килограмм күмүш сатып алган. Жалпы чыгым 543 миң долларды түздү. Быйыл Кыргызстан Гонконгго 794,1 миң долларга күмүш сатты.