Кыргызстанда социалдык тармактын колдоонучулардын саны 2 млн.го жакын

4 октября 2019, 14:37

Кыргызстанда калктын саны 6,2 млн. болсо,уюлдук телефонду колдонуучулардын саны 9,38 млн. түзөт – деп билдирди бүгүн, 4 – октябрда «Орто Азиядагы санариптик трансформация» аталыштагы конференцияда Мамлекеттик маалымат технология жана байланыш комитетинин төрагасы Дастанбек Догоев.

Анын айтымында, интернет колдоонучулардын саны 2, 5 млн. го жеткен. Ал эми социалдык тармактын колдонуучулардын саны 2 млн.ду түзөт.

«Жыл сайын интернет жана уюлдук телефон колдоонуучулардын саны 18% дан 38% га чейин өсүүдө. 38% - бул өлкөнүн 500 миң жараны. Бул биздин жарандар социалдык баракчада өздөрүн активдүү алып жүрөт дегенди билдирет» - деп кошумчалады.