«Кыргызстан калкынын жашоо деңгээли» статистикалык жыйнагы жарыкка чыкты
«Кыргызстан калкынын жашоо деңгээли» статистикалык жыйнагы жарыкка чыкты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Статистика комитетинен белгилешкендей, басылмада демографиялык абал, үй чарбалардын акчалай киреше жана чыгашалары, жакырчылык деңгээл, турак-жай шарттар, саламаттыкты сактоо, билим берүүнү, пенсия жана жөлөк пул тууралуу жана башка маалыматтар камтылган.