Кыргызстан Казакстанга гуманитардык жардамды жеткирди

9 апреля 2024, 15:55

Кыргызстан Казакстанга “Жардам кербени” гуманитардык жардамын жеткирди. Жардам Актөбө облсуна жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Белгиленгендей, жүктү Актөбө облусунун акиминин орун басары Галымжан Елеулов тосуп алып, кыргызстандык куткаруучуларга ыраазычылык катын тапшырды.

Гуманитардык жүк Казакстандын төрт облусуна – Жамбыл, Түркстан, Кызылорда жана Актөбөгө бөлүштүрүлөт.

Калкка күн карама майы, кант, күрүч, макарон жана кондитердик азыктар, ошондой эле жергиликтүү өндүрүштөгү матрацтар, кийим-кечелер, чатырлар берилет.