Кыргыз-корей достук паркын жакшыртуу боюнча меморандумга кол коюлду

10 ноября 2023, 12:35

Бишкек шаарынын мэриясы менен Кореянын Кыргызстандагы элчилиги техникалык жардам көрсөтүү жана Кыргызстан-Корея достук паркын жакшыртуу боюнча меморандумга кол коюшту. Документке Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджае кол коюшту.

Кол коюу учурунда Бишкек шаарынын мэри элчилик менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн, ошондой эле Кореянын “KOICA” эл аралык кызматташтык агенттиги менен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, муниципалитетке көрсөтүлгөн каржылык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, мэр мындан аркы социалдык жана маданий-гуманитардык өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда эки тараптуу жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө кызыктар экенин билдирди.