Бишкек – Куала-Лумпур аба каттамын ачуу пландалууда

19 апреля 2024, 17:21

Малайзиядагы Кыргызстандын элчиси Анвар Анарбаев менен "AirAsia" авиакомпаниясынын глобалдык саясат жана өкмөттүк байланыштар департаментинин директору Замани Рафиктин жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек менен Куала-Лумпурдун ортосунда түз аба каттамдарын ачуу пландалууда.

Элчи Анарбаев түз авиакаттамдарды түзүү өлкөлөр ортосундагы саякаттарды жеңилдетип гана тим болбостон, туризм, соода-сатык, маданий-билим берүү тармагындагы өз ара байланыштарды өнүктүрүүгө олуттуу салым кошоруна ишенимин билдирди.

“Бул эки тараптуу мамилелерди чыңдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, - деп белгиледи ал өз кайрылуусунда.

Өз кезегинде “AirAsia” өкүлү компаниянын учуу географиясын кеңейтүүгө, анын ичинде Бишкекке каттамдарды уюштурууга кызыктар экенин ырастады. Анын айтымында, авиакомпания жакынкы аралыкта Кыргызстанга келип, рынокту деталдуу изилдөөнү пландоодо.