Кыргызстан Кытайдын жарандарына виза берүүнү токтотту

24 февраля 2020, 11:50

Кыргызстан коронавирустун тарап жаткандыгына байланыштуу Кытайдын жарандарына виза берүүнү токтотту. Бул тууралуу КР тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.

Анын айтуусунда, мындай чаралар убактылуу гана.

«Кытайдагы жана дүйнө жүзүндөгү эпидемиологиялык абалга жараша виза берүүнү жандантуу жана чек араны ачуу маселелери боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат», - деп маалымдады Абдрахманов.