Кыргызстан Кытайдан көбүрөөк жемиш импорттой баштады

27 декабря 2023, 15:40

2023-жылдын 11 айында Кытайдан Кыргызстанга 290,7 млн долларга 191,7 миң тонна жемиш жана жаңгак импорттолгон. Бул тууралуу Кытайдын Бажы кызматы маалымат таратты.

Кытай бажысынын маалыматы боюнча, бул бир жыл мурункуга караганда 115 миң тоннага (+150%) жана 164,3 млн долларга (+130%) көп.

Эң активдүү импорт:

  • жаңгак – 139,1 млн долларга
  • мандариндер – 56,8 млн долларга
  • шабдалы – 25,7 млн долларга
  • жүзүм — 23 млн доллар
  • алмурут — 20,8 млн доллар