Кыргызстанда 600 миңге жакын медициналык беткап бар

25 февраля 2020, 13:00

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстандын ооруканаларында 593 миң 949 даана бир жолу колдонулуучу медициналык беткап бар. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова билдирген.

Ошондой эле ал белгилегендей, респиратордук беткаптардын саны 44 миңден ашат.

«Андан сырткары, Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаментинин маалыматы боюнча, дарыкана түйүндөрүндө 232 миң медициналык беткап бар», - деди ал.