Кыргызстан менен Германиянын GIZ коомчулугу кызматташууну өнүктүрөт

21 февраля 2024, 09:34

Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов менен Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомчулугунун (GIZ) Кыргызстандагы директору Виктор Вецел менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун негизги аспектилери жана алардын натыйжалуулугун жогорулатуу талкууланды.

“Менеджмент жана жашыл экономика жаатындагы долбоорлорду кошумча каржылоо маселелери көтөрүлдү. Туруктуу экономикалык өнүгүү, саламаттыкты сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо жана мыйзамдын үстөмдүгүн илгерилетүү боюнча долбоорлорду активдүү колдогон GIZ ролуна өзгөчө көңүл бурулду”, - деп айтылат маалыматта.

Ошону менен бирге мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары жана пландаштырылган долбоорлорду биргелешип алдыга жылдыруу талкууланды.