Кыргызстан менен Иордания дипломатиялык визаны жоет

1 декабря 2023, 15:16

Кыргызстан менен Иордания дипломаттык жана кызматтык визаны жоет. Тиешелүү макулдашууга Кувейттеги элчи Азамат Карагулов менен аталган мамлекеттин Тышкы иштер министрлигинин дипломаттык жана эмигранттар иштери боюнча баш катчысы Мажид Салжи Аль-Катарна кол коюшту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иордан мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Алсак, эки өлкө ортосунда өкмөт аралык сапарларды уюштуруу, билим берүү, кош салыктан бошотуу, туризм жана түз аба каттамдарын уюштуруу боюнча укуктук-келишим базаларын кеңейтүү талкууланды.