Кыргызстан менен Кытай темир жол портун курууну талкуулады

15 апреля 2024, 16:42

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев баштаган кыргыз делегациясы Сиань шаарында болуп, Сиань кургактык темир жол портунун жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстандын аймагында ушундай эле ири темир жол портун куруу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Бул демилге Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу өзгөчө актуалдуу. Сиань портунун жетекчилиги буга чейин Кыргызстан менен Кытайдын президенттеринин сүйлөшүүлөрүндө көтөрүлгөн долбоорго кызыктар экенин билдирген.

Кыргызстанда темир жол портунун курулушу Кытай-Борбордук Азия-Европа транспорт коридорун өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, бүтүндөй аймактын экономикалык өсүшүнө өбөлгө болору күтүлүүдө.