Кыргызстан менен Монголия тоо-кен тармагын өнүктүрүүнү талкуулады

8 апреля 2022, 13:15

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Монголиянын өкүлдөрү менен тоо-геология тармагындагы реформалардын тажрыйбасын изилдөө боюнча жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар тоо-кен тармагын өнүктүрүү, пайдалуу кендерди инвентаризациялоодо эл аралык тутумду пайдалануу, тоо-кен тармагындагы мыйзамды тартипке келтирүү, ошондой эле геологиялык-иликтөө иштерин жүргүзүүдө отчеттуулуктун эл аралык стандарттары талкууланды.

Жапаров белгилегендей, тоо-кен тармагы өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарынын бири болуп саналат жана ага акыркы мезгилде мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулууда.

Мындан тышкары, учурда жаңы Тоо кодексин иштеп чыгуу боюнча көлөмдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Өз кезегинде Монголиянын өкүлдөрү тоо-геологиялык тармакты өнүктүрүүдөгү өз тажрыйбасы менен бөлүштү, анда пайдалуу кендердин запастары боюнча отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча комитеттин (КРИРСКО) тутумуна шайкеш келген кен казып алуунун кеңири колдонулуучу эл аралык системасына өтүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.