Кыргызстан менен Япония экономиканын тармактарында биргелешкен долбоорлорду улантышат

12 августа 2020, 09:51

11-августта тышкы иштер министр Чыңгыз Айдарбеков видео конференция менен "Борбордук Азия + Япония" диалогуна өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин кезексиз жыйынына катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков алмашуу программаларына жана квалификацияны жогорулатуу курстарына катышуу аркылуу жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды даярдоонун актуалдуулугун баса белгилеп, адамдык потенциалды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну сунуш кылды.

"Сапаттуу конкреттүү инфраструктураны, инженердик жана коопсуздук, автомобиль транспорту, айыл чарба долбоорлорун, ошондой эле логистика, IT-технологиялар, курчап турган чөйрөнү коргоо жана билим берүү жаатындагы демилгелерди биргелешкен аракеттерди улантуу зарылдыгы белгиленди", - деп айтылат билдирүүдө.