Кыргызстанда музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылды

21 мая 2020, 09:20

Кыргызстандагы маданият жана искусство мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу максатында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин тутумундагы музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Музей кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бюджетинде 15 млн 480 миң сом каралган.

Эске салсак, мындан мурда маданият жана искусство мекемелеринин айрым категориядагы кызматкерлери үчүн да айлык акыны 80%га жогорулатуу орун алган.