Кыргызстан Палестинага 5,5 тонна гумжардам жөнөттү

16 января 2024, 10:54

Кыргызстан Палестинадагы жабыр тарткан тургундарга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ӨКМ Кыргызстандын атынан азык-түлүк, таза суу, төшөнчү жана башка зарыл болгон 5,5 тонна гуманитардык жардамды Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте 2023-жылдын соңунда жеткирген.

Акыркы маалыматтарга таянсак, Газа секторундагы кагылышуусуна кеминде 24 миң адам каза таап, 65 миңден ашуун адам жаракат алды.