Кыргызстан Түштүк Кореядан үч айда 237 млн долларга унаа импорттоду

17 апреля 2024, 17:50

Кыргызстан Түштүк Кореядан жеңил унаалардын импортун дээрлик бир жарым эсе көбөйттү. Бул тууралуу Түштүк Кореянын бажы кызматы билдирди.

2024-жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга Түштүк Кореядан 237,4 млн долларлык жеңил унаалар алынып келинген.

Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 76,7 млн долларга же 47,7%га көп.