Кыргызстан Ысык-Көлдөгү көйгөйлөрүн чечүү үчүн эки банктан карыз алат

13 апреля 2022, 16:52

Бийлик Ысык-Көл облусунун негизги көйгөйлөрүн чечүү үчүн Азия өнүктүрүү банкынан жана Дүйнөлүк банктан насыя алат. Бул тууралуу кечээ, 12-апрелде Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин Ысык-Көл облусунда өткөргөн көчмө жыйында белгилүү болду.

Көчмө жыйында Архитектура курулуш жана коммуналдык чарба агенттигинин орун басары Мелис Абиев саркынды сууларды тазалоочу ишкананын реконструкциялоо үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 44 млн долларлык ири долбоор даярдалып жатканын маалымдади.

"Курулуш иштери 2023-жылы башталып, 2029-жылы аягына чыгат"- деди Абиев.

Депутат Нурбек Алимбеков бул долбоорду тезирээк ишке ашыруу үчүн парламенттен ыкчам ратификациядан өткөргөнгө көмөк көрсөтөөрүн айтты.

Комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев Ысык-Көл аймагындагы талылуу көйгөйлөрдү чечүү багытында Бүткүл Дүйнөлүк банкынан 100 млн доллар гранттык жана насыялык негизде акча каражаты бөлүнүп жатканына токтолуп: “Келишимди ыкчам ратификациядан өткөрүүгө жардам берели”,– деди.