Кыргызстан Өзбекстандан 26,8 млн долларлык товар импорттоду

23 февраля 2024, 15:00

Быйыл январь айында Өзбекстан Кыргызстанга 26,8 млн долларлык товар экспорттоду. Бул тууралуу Өзбекстандын Статистика агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзбекстан Орусияга - 240,6 млн, Кытайга - 185 млн, Түркияга - 83,4 млн, Казакстанга — 76,3 млн, Францияга - 66,8 млн, Афганистан - 60,5 млн, Тажикстанга- 37,2 млн долларлык товар экспорттогон.