Кыргызстан жыл башынан бери мунай заттарын өндүрүүнү 59%га кыскартты

13 августа 2020, 14:55

2020-жылдын январь-июль айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү болжол менен 180 млрд. сомду түзүп, 2018-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 0,9%га азайган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.

Буга мунай заттарын өндүрүү 59%га, жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфия иштери 18,5%га, резина жана пластмасса буюмдары, башка металл эмес минералдык продуктулар 16,5%га төмөндөшү менен шартталган.