Кыргызстанда 1-апрелден баштап бюджеттик кызматкерлердин айлыгы көбөйөт

9 февраля 2022, 14:00

Ушул жылдын 1-апрелинен тарта бюджеттик тармактын кызматкерлеринин айылы жогорулайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Маалыматка ылайык, мугалимдердин, милиционерлердин жана энергетиктердин айлык акысын көтөрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, буга чейин өкмөт пенсия менен жөлөк пул ушул жылы 50 пайызга жогоурлай турганын билдирген.