Кыргызстанда 17 миң киши пенсия албайт

24 января 2022, 14:30

Өлкөдө 17 миң адам ар кандай себептер менен пенсия албайт. Социалдык фонддон маалым болгондой, алардын айрымдарынын архивдик документтери, эмгек китепчелери жок.

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 549 миң пенсионер бар. Эркектер 63, аялдар 58 жаштан тарта пенсияга чыга алышат.