Кыргызстанда 22 ооруканага угууну эрте аныктаган жабдуулар тапшырылды

26 сентября 2023, 09:00

Кыргызстанда 22 ооруканага ымыркайдын жана балдардын угуусунун начарлашын эрте аныктаган жабдуулар тапшырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Мындан тышкары, Эне жана баланы коргоо улуттук борбору менен Ош облустар аралык балдар ооруканасы комплекстүү диагностика жүргүзүүчү жабдуу алышты.

Буга чейин 150дөн ашык медицина кызматкерлери жабдууларды туура жана натыйжалуу пайдалануу үчүн окуудан өткөн.