Кыргызстанда 35 мамлекеттик дарыкана ачылат
Кыргызстанда 1-январга чейин 35 мамлекеттик дарыкана ачылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Учурда мекеме өндүрүшчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Белгиленгендей, мамлекеттик дарыканаларда препараттар жеке дарыканаларга караганда арзан болот.