Кыргызстанда 5 миңден ашуун дыйканга жеңилдетилген насыя берилди

22 мая 2023, 10:00

Учурда “Айыл чарбасын каржылоо - 11” долбоору боюнча жеңилдетилген насыя 5 миңден ашык дыйканга берилди. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, анын жалпы суммасы 2 миллиард 260 миллион сомго жакындады.

Насыя эки категория - өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы боюнча берилген. Анын теңинен көбүн мал чарбачылык категориясы боюнча алышкан.

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылы башталган.