Кыргызстанда айрым туткундарга амнистия берүү сунушталды

27 сентября 2023, 10:00

Парламентте Конституциянын 30 жылдыгына жана адам укуктарынын жалпы декларациясынын 75 жылдыгына карата айрым туткундарга амнистия берүү сунушталды.

Мыйзам долбооруна ылайык, абактан 60 жаштан жогорку эркектерди, 55 жаштан улуу аялдарды, 1-2-топтогу майыптарды, үй-бүлөсүнүн жалгыз багуучусу болгон жарандарды, биринчи жолу оор эмес кылмыш үчүн камалгандарды жана көп балалуу аялдарды бошотуу каралган.

Профилдик комитет документти биринчи окууда жактырды.