Кыргызстанда аттестат мындан ары бүтүрүүчүлөргө акысыз берилет

28 февраля 2024, 11:10

Кыргызстанда аттестат мындан ары бүтүрүүчүлөргө акысыз берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Белгиленгендей, окуучулардан бул документтер үчүн акча талап кылууга мектеп жетекчилигинин укугу жок. Ал эми билими тууралуу документин жоготуп алган бүтүрүүчү дубликат алуу үчүн акча төлөйт.

"Эгерде аттестат жоголуп же башка себептер менен дубликат алына турган болсо, аттестаттын тиркемеси менен дубликатына 50 сом, артыкчылыгы менен аттестат дубликаты үчүн 50 сом, күбөлүктүн дубликатына 20 сом төлөнөт", - деп айтылат маалыматта.