Кыргызстанда аутсорсингдик кесиптердин мектеби ачылышы мүмкүн

12 декабря 2023, 14:51

Кыргызстанда аутсорсингдик кесиптердин мектеби ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу “Globe Transportation” компаниясынын жетекчиси Икбол Исаков логистикалык кызматты өнүктүрүү боюнча кыргыз-америкалык ассоциациясынын (KAADLS) ишинин жыйынтыгын чыгаруу учурунда билдирди.

Ал белгилегендей, ата мекендик компаниялар АКШнын рыногунда атын чыгарып, орун алуу үчүн бул компанияларды кесипкөй диспетчерлер жана жүк ташуучу айдоочулар менен камсыз кылышы керек.

Белгилеп кетсек, иш-чаранын жүрүшүндө башталгыч кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гүлнур Мамырова акыркы учурда жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына суроо-талап жогорулагандыгын, андыктан Билим берүү министрлигине Кыргызстандын жарандарын жумушка тиешелүү көндүмдөрдү үйрөтүү мүмкүнчүлүгү менен камсыздоо милдети жүктөлгөнүн билдирди.