Кыргызстанда австралиялык акча которуу системасы катталды

29 декабря 2023, 14:08

Улуттук банк өлкөдө “KANBERRY PTY” акча которуу системасын каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка ылайык, эл аралык акча которуу системасынын оператору “KANBERRY PTY” ЖЧКсы Улуттук банкта каттоо процедурасынан өттү. Реестрдеги каттоо номери 1054251223.

“KANBERRY PTY” Австралияда катталган. Компаниянын маалыматы боюнча, акча которуу системасы 2020-жылы негизделген.